• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сүлүктүдө сайдан жарандын жансыз денеси табылды

15 Чын куран 2022 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесинде сайдан табылган жансыз дененин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө түшкөн маалыматта Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

«Маркум 1979-жылы туулган Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын тургуну К.Н.Б. болуп чыккан»,-деп айтылат маалыматта.

5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 1961