• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үсөнбаев: Абал курч, чектөө кайра кирип калышы мүмкүн

15 Кулжа 2020 15:21 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе, чектөөлөрдү кайра киргизүүгө аргасыз болобуз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн,15-июнда брифинг учурунда билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, коомдук жайларда санитардык талаптар аткарылбай жатат.

«Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекемелерге кайра чектөө кирип калышы мүмкүн. Бет кап, кол кап кийип, аралыкты сактоо кыйын иш эмес. Коомдук транспорт жүрүп жатат. Анын ичинде көпчүлүгү бет кап тагынбай жүрөт. Бейтаптардан кайда жүргөнүн, ким менен байланышта болгонун сурай келгенде алар коомдук транспортко түшүп, эл көп жерге барганын айтышууда. Андыктан сак болуп, бул маселеге түшүнүү менен мамиле кылуу зарыл», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 473