• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үсөнбаев: COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундуктар жетиштүү

15 Бештин айы 202011:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундуктар жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, даярдалган 8 миң койко-орундуктун, азыркы тапта 4620сы колдонулуп, анда 1948 бейтап дарыланууда.

“Дарылоо үчүн 4943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты колдонулуп жатат», — дейт саламаттык сактоо министринин орун басары.

Количество просмотров: 89