• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Үсөнбаев: Дарыланууда жаткан жарандардын 176сында оорунун белгилери байкалган жок

18 Кулжа 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуктуруп, учурда дарыланууда жаткан жарандардын 176сында оорунун белгилери байкалган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал билдиргендей, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган 693 адам дарыланууда.

“38 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен алты киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 110 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 176 бейтапта оорунун белгилери жок”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус жуктурган 95 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2657ни түзөт. Алардын ичинен 1933 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 31 адам каза болду.

Количество просмотров: 64