• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үсөнбаев: Эгер абал курчуса кайрадан кескин чектөө киргизилиши толук ыктымал

6 Бугу 2020 12:22 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги эгер эл көчөгө себепсиз чыгып, карантин талаптарын аткарбаса, өлкөдө кайрадан кескин чектөө чаралары киргизилиши толук ыктымал. Бул тууралуу 6-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал көчөгө чыкканда адамдар беткап тагынып, ортодо аралыкты сактоо деген талапты аткаруусу зарылдыгын эскертти.

«Эгер көчөдө жүрүп жугуза баштаса, коркунуч ошондон болот. Андай болсо Саламаттык сактоо министрлиги радикалдуу чектөө киргизүү сунушун бергенге даяр турабыз. Анткени эпидемиологиялык абалды карашыбыз керек болот. Эл да жалпы тартипке көнүшү зарыл. Учурлар көбөйүп, жалпы элге коркунуч жаралса, абал курчуса тезинен кайра жанагыдай шарттарга келишибиз толук ыктымал. Берген кеңештерди угуп, тартипке көнсөк, абалды ушу бойдон кармап, ооругандардын санын азайтып, коркунуч тобундагылардын баарын тазалап, абалдан чыгып кетебиз», — деди ал.

5-майда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын отурумунда Бишкек шаарында карантиндик режимдин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү айтылган.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айрым соода жайларында, базарларда жана таксиде санитардык талаптар сакталбай жатканын билдирген.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айрым ишканалардын иштөөсүнө уруксат берилгени менен элдин себепсиз көчөдө жүрүүсүнө тыюу алына электигин эскертип, ээн-эркин басып жүргөндөр көбөйгөнү үчүн күч кызматкерлерин сынга алган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 28 адам жаңы катталды, 14 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус 871 адамдан табылды, алардын ичинен 12 бейтап кайтыш болду, 614 адам сакайды.

Количество просмотров: 125