• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Үсөнбаев: СИЗО-1де бир кызматкерден коронавирус табылды

8 Бугу 202010:45 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат.

«СИЗО-1де бир адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө»,-деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавируска чалдыккан адам жок экенин билдирген болчу.

Количество просмотров: 141