• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соль-Илецк шаарынан келген жарандан коронавирус чыкты

27 Чын куран 2020 11:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 13 киши коронавирус жуктуруп алганы анык болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы учурлардын алтоо Бишкекте болсо, бирөө Ош шаарында, бирөө Ош облусунда, экөө Чүйдө, бирөө Нарында, дагы экөө Ысык-Көл облусунда катталды.

«Россиянын Соль-Илецк шаарында чек арада бир айдан бери кармалып турган жарандарыбыздын биринен табылды. Өлкөгө киргенден кийин лабораториялык анализ алынганда коронавирус чыккан. Экинчиси Новгород шаарынан келгенден кийин сыркоолоп, дарыгерге кайрылганда аныкталган. Анын үй-бүлө мүчөсүнүн дагы бирине жукканы белгилүү болду. Вирус жуктурган 13 кишинин үчөө медик, экөө Бишкекте болсо, бирөө Ош шаарында. Жалпы коронавирус жуктургандардын саны 695ке жетти», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 229