• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сүрөттөр сүйлөсүн: Кыйынчылыкта бир муштумдай бириккен кыргыз…

19 Аяк оона 2022 13:41 Бишкек Govori.TV

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта 59 адам мерт болду. Буга байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүүдө. Кол салуудан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Бул аралыкта Кыргызстандын эли бир муштумдай биригип, кыйын кырдаалда жапа тырмак Баткендиктерге жардам колун сунуп жаткан чагы.

Баткен облусунда жергиликтүү тургундар жол боюна «үй бар», «үйгө батырып, багып алабыз» деген жазуусу бар кагаз кармап, коңшулардын куралдуу кагылышуусунан жабыркагандарга тилектештик билдирип турушту.

Өзгөчө төмөндөгү сүрөттөр социалдык тармактарда алкоого арзыды.

Чыр чыккан алгачкы мүнөттөрдөн тарта «Баткенге жардам» аталышындагы гуманитардык жардам чогултуу пункттары уюштурулду.

Ал эми «Манас» аба майданындагы таксисттер Баткенден келген жарандарды бекер жеткирүү демилгесин колго алышты.

Кан борборунда Баткенде жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалагандардын узун кезеги жаралды. Республикалык кан борборуна бир күндө 500гө жакын адам ыктыярдуу донор болуп барган. 

Мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткенге которушууда.

Баткен облусунун тургундары жолдо катар тизлип, аскер кызмткерлерине жашылча-жемиш, тамак-аш берген учурдагы видео жүрөк элжиретти.

Количество просмотров: 312