• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сөз эркиндигин чектеген өлкө утулат

22 Аяк оона 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институту ЖМК өкүлдөрүнө, журналисттерге, блогерлерге жана активисттерге карата иштерди кароодо соттук практикада пайда болгон терс аракеттерди белгилеп, ММК өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштеринин дээрлик бардыгында процессуалдык бузуулар жана тергөөдөгү кемчиликтер бар экенин билдирди.



Мындай жаздайга иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши далил болуп бере алат.
Рита Карасартова укук коргоочу
Дагы бир далил катары «Некст ТВ» каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевди алса болот.

Буга чейин бийликке жакпаган маалымат айткан активист, блогерлер Адилет Балтабай, Тилек Куренов, Ырыс Жекшеналиевдердин жоопко тартылуусу, сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнүн белгиси болуп бере алат.

Сөз эркиндиги өнүккөн өлкөдө ЖМК нын тийгизген терс таасирине караганда, оң жактары арбын. Анткени жакында эле Тажик тараптын кол салуусундагы окуяны чагылдырууда дал ушул көз карандысыз маалымат каражаттары, активист, блогерлердин салымы аркылуу маалыматтык айдыңда алдыга чыгууга өбөлгө түзүлгөнү анык. Мындай жагдай өлкөгө аброй гана алып келээри айтылууда.

Количество просмотров: 141