• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сөз эркиндигин чектеген жаңы мыйзам тууралуу депутаттар эмне дейт?

17 Тогуздун айы 2022 14:57 Бишкек Govori.TV

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2022-жылдын 14-октябрынан тартып коомдук талкууга коюлган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалган.
Маалыматта айтылгандай, демилгечилер катары Жогорку Кеңештин депутаттары Ж. Акаев, А. Мадумаров, Э. Сатыбалдиев, Г. Кожокулова, Д. Бекешев, С. Атамбаев жана Ч.Айдарбеков көрсөтүлгөн.


Сунушталып жаткан долбоорго ылайык, бул Мыйзамы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, атап айтканда, мамлекеттик органдардын чечимдерин кароо жана даттануу жол-жоболору мурда эле белгиленген «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси менен болгон карама-каршылыктарын жоюу максатында иштелип чыкты.


Белгилүү болгондой, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2021-жылдын 23-августунда кол коюлган. Бул Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыр тарткан адамдын жана ал маалымат жарыяланган маалымат ресурстарынын ээси менен болгон өз ара мамилелерин, алардын укуктары менен милдеттерин жөнгө салат.


«Конституциялык принциптерге ылайык, Кыргыз Республикасында сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт. Кыргыз-тажик чек араларындагы соңку трагедиялуу Баткен окуялары жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ролу маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн белгилеп коюу керек. Журналисттердин жана блогерлердин кайгылуу окуяларды жергиликтүү жана эл аралык деңгээлдердеги ар кандай сайттарда биримдикте, чынчыл жана ачык-айкын чагылдыруусу биздин өлкөнүн ыплас маалымат согушунда жеңип чыгуусуна мүмкүндүк берди.


Ушуну менен бирге, «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» Мыйзамдын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн басмырлаган жана сайтты жоюу тууралуу иштерди кароого бир жактуу мамилени орноткон күч-таасири өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн», деп жазылат билдирүүдө.


Экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгечи болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол койгон. Аталган мыйзам долбоору коомчулукта сын-пикирлерди жараткан. Документ кабыл алынганы менен аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес.

Мындан сырткары бул мыйзам долбоору РФнан уурдалган деген маалыматтар дагы тарады.
Бүгүнкү күндө бул мыйзам долбоору тууралуу эл өкүлдөрүнүн пикирин билип көрдүк.

Количество просмотров: 246