• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сөз эркиндигин жана медиа эркиндигин колдоо боюнча онлайн акция башталды

7 Жетинин айы 2023 11:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы өлкөдөгү сөз эркиндигин жана медиа эркиндигин колдоо боюнча онлайн акциясын баштады.

Акциянын максаты — Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо жана сөз эркиндигин коргоп калуу.

Ушул күндөрү Кыргызстандын парламентинде эки мыйзам долбоору — “ЖМК жөнүндө” мыйзам каралып жана Россиянын чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамына окшош “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети жүрүүдө. Бул эки мыйзам долбоорунун кабыл алынышы көз карандысыз маалымат каражаттарын, жарандык коомду жана сөз эркиндигин иш жүзүндө толук жок кылууга алып келет.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы бардык кайдыгер эмес мекендештерди ушул акцияны колдоого жана акцияны #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan хэштегдери менен коштоого чакырат.
Сөз эркиндиги болбосо коопсуздук болбойт, сөз эркиндиги жок болсо эркиндик болбойт!

Количество просмотров: 83