• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Султанбаев Кыргызстанда 30 жылдан бери сөз эркиндиги болгон, азыр да бар деп эсептейт

15 Жетинин айы 202211:50 Бишкек Govori.TV

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда отуз жылдан бери сөз эркиндиги болгон, азыр да бар деп эсептейт.

Ал мындай пикирин бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте «Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер» деп аталган тегерек үстөлдө билдирди:

«Биз ар дайым талкууга ачыкпыз, сунуштарды угабыз. Сөз эркиндиги — көз карандысыздыгыбыздын жетишкендиги. Ошондуктан, мамлекет өз кезегинде сөз эркиндигин сапаттуу деңгээлде кармап турууга аракет кылат», — деди Султанбаев.

Тегерек үстөлдүн уюшуруучулары президенттин басма сөз катчысын саламдашуу сөзүн айткандан кийин да, талкуунун аягына чейин калып, башка катышуучулардын пикирин угууга чакырышты.

Количество просмотров: 110