• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

С. Жээнбеков, КРнын президенти: «Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу!»

1 Кулжа 2018 10:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 06. 2018.Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусуyнда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргызстанда дүйнө коомчулугу менен бирге 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү катары өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат.

Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна муктаж экенин, алардын өмүрү менен ден-соолугу, билими менен коопсуздугу, келечеги үчүн жалпы коом жоопкер экенин дагы бир жолу эсибизге салган күн.

Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Аны камсыз кылуу — биздин милдетибиз.

Ден-соолугу сак, акыл-эстүү жана адептүү баланы тарбиялоо үчүн аны оору-сыркоолордон, зордук-зомбулуктан гана эмес, психологиялык жана маалыматтык тескери таасирлерден, зыяндуу адаттардан да калкалоо керек.

Мамлекет балдардын коопсуздугу, анын ичинде жол коопсуздугу, зомбулукту алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштердин натыйжалуулугун дагы күчөтөт.

Оорулуу жана майып балдар, кароосуз калышкан, айрым зөөкүрлөрдүн зордук-зомбулугуна туш болуп, кордолгон балдар өзгөчө камкордукка муктаж.

Урматтуу мекендештер!

Ар бир бала шык-жөндөмү, таланты менен жаралат. Аны ойготуу, өстүрүү керек. Ата-эненин, тарбиячынын мээримине, сүйүүсүнө бөлөнгөн балдар акыл-эси жетик, күйүмдүү, шыктуу болуп жетилишет. Ошондуктан, балдарыбызга көп убактыбызды арнайлы, сырдаш бололу.

Кымбаттуу балдарым!

Бүгүнкү майрамдык шаңга бөлөнгөн күнүңөр кут болсун!

Силерге ар дайым жарык маанай, узун өмүр, тоодой бак-таалай каалайм.

Баарыӊардын алдыга койгон максаттарыӊар, таттуу кыялдарыӊар ишке ашсын!

Акылдуу жана чынчыл өскүлө, ата-энеңерге кайрымдуу болуп, элибиз сыйлаган, өз Мекениңердин — биздин Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн инсандардан болгула!

Жараткан колдоп, турмуш сапарыӊар байсалдуу болсун!»

2018-жыл 1-июнь
Количество просмотров: 13