Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоого шайлоочулардын саат 12.00гө карата добуш берүүгө келүүсү жөнүндө маалымдайт.
Шайлоочулардын добуш берүүгө жалпы келүүсү 77 026 адамды же шайлоочулардын жалпы санынын 12,47%ын түздү.
Шаарлар боюнча добуш берүүгө келүү төмөнкүдөй:
Бишкек шаары боюнча – 39 271 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,20%ы.
Ош шаары боюнча – 30 940 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 20,26%ы.
Токмок шаары боюнча – 6 815 шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 17,89%ы.