• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Саат 16:00гө карата канча адам шайлоого катышты?

28 Жетинин айы 2021 16:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-ноябрь, саат 16:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 829 миң 171 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Ага ылайык, ал жалпы шайлоочулардын 22,39 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 815 миң 896 шайлоочу (22,54%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 4 миң 689 (5,57%) адам өз тандоосун жасады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Количество просмотров: 612