• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Саат 8:00гө карата чет жердеги 201 кыргызстандык добуш берди

28 Жетинин айы 20219:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө карата чет жердеги 201 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров 28-ноябрда өткөн брифингде билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутаттарына добуш берүү алгач Южно-Сахалинск шаарында таңкы саат үчтө башталды. Саат 08:30да Орусия, Жапония, Корея, Кытай, Малайзия, Казакстан жана Индияда 16 шайлоо участкасы иштеп жатат»,-деди Мадмаров.

Бүгүн 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат. Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган. Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.

Количество просмотров: 118