• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сабиздин баасы арзандай баштады

14 Теке 202117:44 Бишкек Govori.TV

«Сабиздин жаңы түшүмү жыйнала баштагандыктан жана агенттиктин аракеттеринен улам базарларда сабиздин баасы жөнгө салынып, арзандай баштады», — деп айтылат Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тараткан маалыматта.

Азыр базарларда сабиздин орточо баасы 50 сомдун тегерегинде.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиздин кымбаттаган себебин суроо-талаптын көбөйгөнү менен дагы байланыштырган.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр беш айда 13 миң тонна экспорттолсо, быйылкы жыл башынан тартып 31 миң тонна сабиз сыртка сатылган.

Кыргызстанда сабиздин баасы 100-120 сомго чейин чыккан.

Количество просмотров: 368