• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Садык Шер депутаттык мандатынан Текебаев үчүн баш тартты

13 Тогуздун айы 2020 1:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер мандатынан баш тартты. Бул тууралуу анын БШКга жазган арызында айтылат.

«Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) учурда фракцияда «депутаттык вакансиялык мандат жок» деген тыянак чыгарыптыр. Ошондуктан, мен өзүмдүн ордумду бошотуп жатам», — деп жазган ал өз арызында.

Эске салсак, 12-октябрда БШК саясатчы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн жазган арызын каралып, анын арызы канааттандырылган эмес.

“Биз бул маселени БШКнын жок дегенде сегизден кем эмес мүчөсү менен кабыл алышыбыз керек. Бүгүн ошол себептен тиешелүү добуш жеткен жок. Арызды БШКнын толук курамы менен дагы карайбыз. Мандатты өткөрүп берүү үчүн бош мандат керек, ошол үчүн негиз болгондо караксак деген чеимге келдик”, — деп билдирген БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Эске салсак, Текебаев 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылы соттолгон. Анда сот саясатчыны 8 жылга камоо боюнча өкүм чыгарган. 2020-жылдын август айында Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайрадан кароо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген. Кийин райондук сот Текебаевди үй камагына чыгарган.

Ал эми Текебаев мандатын Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинен кийин кайтарып алууга бел байлады. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтына чогулуп, аны жокко чыгарууну жана президенттин отставкасын талап кылышкан. БШК 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын расмий түрдө жокко чыгарды.

Количество просмотров: 213