• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери белгиленет

20 Кулжа 202312:39 Бишкек Govori.TV

1-июлда Каракол шаарында республикалык деңгээлде Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери белгиленет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мааракенин алкагында «Улут баскан улуу жол» аттуу этно-фестиваль өтөт.

Этно фестивалдын күндүзгү бөлүгү 10:00дө башталып, төмөндөгүдөй иш-чаралар менен котштолот:

— Эл аралык «Казак-Кыргыз» айтышы;

— Акелерге арналган илимий-практикалык конференция;

— Ысык-Көл Боз үй мекени» макамын алгандыгына байланыштуу «Хан боз үйлөр жана каада салт» сынагы;

— «Кол өнөрчүлөрдүн жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода»;

— «Салттуу музыка»;

— «Элдик көчө театры»;

— «Так Теке»;

— «Шайыр апалар» сынактары өтүп, салбуруун көргөзмөсү менен катар улутубуздун баа жеткис нарктуу өнөрлөрү тартууланат.

Этно-фестивалдын гала-концерти кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда саат 20:00дө башталат.

Количество просмотров: 80