• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эгемендүүлүк күнү эл аралык айтыш өткөрүлөт

23 Баш оона 202415:30 Бишкек Govori.TV


30-31-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда төкмө акындардын 17-эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук театрынан билдиришти.

Эл аралык сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналып өткөрүлөт.

Айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Тандоо туру 12-августта “Манас” театрында болуп өткөн.

Количество просмотров: 145