Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды (сыйлыкка көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү кошо алганда) тапшырууга, ардактуу наамдарды ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктарды төлөөгө мораторий киргизди.
Жарлыкка ылайык, мораторийдин мезгилинде мамлекет менен коомдун алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды тапшыруу, наамдарды ыйгаруу жана сыйлыктарды төлөө маселелери президенттин демилгеси боюнча өзгөчө учурларда гана каралышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, мындай өзгөчө учурларды кошпогондо, мораторийдин аракетинин мөөнөтүнө сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө материалдарды кабыл алууну жана кароону токтото турушу керек.
Юстиция министрлигине эки айдын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга жана сыйлык тапшыруу практикасына комплекстүү талдоо жүргүзүү, ошондой эле бул чөйрөнү өркүндөтүү боюнча мыйзам чыгаруу чечимдеринин долбоорлорун Президенттин Администрациясына киргизүү тапшырылды.