• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров: «Анархияны демократия деп, сөз эркиндигин ушак-айың менен алмаштырып алдык»

31 Баш оона 202411:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров авторитардык башкарууга жол берилбей турганын билдирди.

«Баш бербей ээн ооз сүйлөөнү элдин эрки деп, анархияны демократия деп калпыс кабыл алып, сөз эркиндигин болсо ушак-айың менен алмаштырып алдык. Капчыгы калыңдар өз кызыкчылыктарын коргоо максатында партияларды уюштуруп, шайлоого аттанып келишкен. Азыр деле «Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат» дегендер дал ушундай баш адаштырган, азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз»!

Мамлекет башчы сөз эркиндиги, адам укуктары корголо турганын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн Ала-Тоо аянтында мамлекеттик туу көтөрүлдү. Кечинде майрамдык концерт өткөрүлөт.

Количество просмотров: 155