• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Садыр Жапаров Бакуда СПЕКА саммитине катышууда

24 Жетинин айы 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Г.Алиев атындагы Маданий борборго келди.

Иш-чарага келген делегация башчыларын Азербайжандын президенти Ильхам Алиев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин делегация башчылары жыйындар залына өтүштү.

СПЕКА саммитине СПЕКА өлкөлөрүнүн лидерлери жана башка ардактуу конок катары чакырылган жогорку даражалуу расмий адамдар катышууда.

Количество просмотров: 135