Президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдигинин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматта айтылгандай, Өлкө башчысы Кыргызстан кеңешке төрагалык кылган жылы биримдиктин ишин алдыга жылдыруу үчүн бир катар сунуштарды берген.
Анда келишимде бекитилген «төрт эркиндик» принцибин камсыз кылуу, тандалма мамиле кылбоо, тоскоолдуктарды тез арада жоюу жана алардын кайра пайда болушуна каршы туруу үчүн эффективдүү чаралар менен механизмдерди иштеп чыгып, ишке ашыруу каралган. Ошондой эле, Евразия экономикалык биримдигинин сот тармагына тиешелүү статус берүү жана Комиссиянын Коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү сыяктуу бир топ сунуштар белгиленген.