• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Садыр Жапаров Германияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин курамы…

28 Аяк оона 2023 10:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биргелешкен жолугушуусуна катышуу, “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

  • Биринчи айым Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
  • Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.
Количество просмотров: 172