• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Садыр Жапаров Германиянын президентине көңүл айтты

21 Бештин айы 202418:04 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Магдебургдагы трагедияга байланыштуу Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2024-жылдын 20-декабрында Магдебург шаарындагы Рождество базарында автоунаанын сүзүшүнөн улам адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келген кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын бат сакайып кетишине тилектешмин”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Количество просмотров: 376