Бишкек. 29.08.2019. Govori.TV
Мурдагы депутат Садыр Жапаров тун уулу Дастанды акыркы сапарга өз колу менен узатып жатып «Ичимден кан өтүп турат»,-деп жаназага тизилгендердин баарын ыйлатты. Саясатчы «Белгилүү себептер менен атасына топурак сала албай калып, бүгүнкү күнгө чейин көксөөм сууй элек. Өмүр бою калат экен. Андыктан, бул ирет баламды узатууга жеке өзү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков телефон чалып буйрук бергенине ыраазымын»,-деди. Ошондой эле буга чейин Садыр Жапаровду энеси каза болгон эле.
Эл алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров «Ата-энеңди жана балаңды узатуу баарынан кыйын экенин, мунун баары кудайдын буйругу экен, андан качып кутула албайт экенбиз»-деди.
Уулуна болсо «Балам мени кечир сени үйлөнтө албадым, эки дүйнө ыраазымын»,-деди.