Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барды.
22-сентябрда президент келечек саммитинин ишине катышат.
24-сентябрда Жапаров БУУнун жыйынында сөз сүйлөйт.
Мамлекет башчысы БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттериш менен да жолугушат.