• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты

23 Бештин айы 202421:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Түркия Республикасынын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Буга чейин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тик учагы өлкөнүн түштүгүндөгү Мугла провинциясында көп кабаттуу оорукананын имаратынын үстүнкү кабаттарына кулап, андан кийин кулап, бөлүкчөлөргө бөлүнүп кеткени маалымдалган.

Түркиянын Мугла шаарында медициналык тик учак кулап, төрт адам каза болгонун ушул эле провинциянын губернатору Идрис Акбыик билдирди.

Количество просмотров: 478