Президент Садыр Жапаров бүгүн Өзгөндөгү айланма жолду жеке менчик компания куруп жатканы, ал компаниялардын негиздөөчүлөрүнүн бири УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас экендиги боюнча суроого жооп берди.
«Анда Өзгөндөгү айланма жолдон баштайын. Ал жолду куруп баштаар алдында Өкмөт менен канча акча кетет, ал акчаны кайдан табабыз, канча убакытта өзүн актайт, жана башка маселелерди көпкө кеңештик.
Эгер биз мамлекеттин акчасын салсак, ондогон жылда өзүн актайт экен. Мамлекеттин акчасын мындай узак долбоорлорго салып салсак туура эмес. Мамлекеттин акчасын өзүн тез-тез актай турган долбоорлорго салышыбыз керек. Мамлекеттин акчаларын натыйжалуу, сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек.
Бирок бир дагы компания же жеке жактар мен салам деп келген жок. Анткени жол өзүн-өзү узак убакытта актайт. Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Таймураска ыракмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Таймурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо, өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да», — деди президент.