• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан колонияга жеткириле элек

11 Жалган куран 2019 12:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.03.2019.Govori.TV.

Абакта отурган экс-депутаты Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу үчүн Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барып, ошол эле күнү кайрадан абакка алынып келинген. Бирок, Молдовановка айылындагы биринчи колонияга эмес Ысык-Көл облусттук абагына жеткирилген. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы Govori.TV агенттигине кабарлады.

«Садыр Жапаров Ысык-Көл облусттук абагына жеткирилген. Себеби, абактан абакка которуу процесси бир жумасына бир гана жолу болот. Ошондуктан ал убактылуу ошол жакка жайгаштырылган»,- деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун апасы Кадижан Максүтова 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгон.

2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Количество просмотров: 14