• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Майдан: Парламент эс алууга тарады. Депутаттар кандай иштеди?

11 Теке 2023 18:04 Бишкек Govori.TV

29-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын 2-сессиясы жабылды. Анда бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, “Элдик курултай” мыйзамы колдоо тапты. Ошол эле учурда 10го жакын мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Бир жыл ичинде парламент кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын чечүү, Кыргызстанда кумарканаларды ачуу боюнча коомчулукта ача-пикир жараткан мыйзам долбоорлорун кабыл алып берди. Парламент ушул жылы кандай иштеди? Депутаттар эл менен бийликтин ортосунда көпүрө боло алдыбы?

Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында кайра өз ишин башташат.

«Парламент эс алууга тарады. Депутаттар кандай иштеди?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Кубанычбек Исабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери;

Аалы Карашев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

Бакыт Бакетаев — Саясат талдоочу;

Анара Дарбанова — «Жарандык платформа» коомдук уюмунун юристи.

Количество просмотров: 1571