• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаровду соттогон Жаңыл Мамбеталы өмүрүндө акыйкат өкүм чыгарганбы?

19 Аяк оона 2018 18:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Буга чейин Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунда иштеген. Ал Садыр Жапаровдун иши боюнча чечим чыгарган.
Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу «митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деп айыпталып кармалган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2017-жылы 2-августта аны «бийлик өкүлүн барымтага алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. Жаңыл Мамбеталы бул чечимди чыгарууда Ак Үйдөн көрсөтмө болбогонун, мыйзамдын негизинде гана чечим чыгарылганын билдирген.
Мындан сырткары Жаңыл Мамбеталынын иш тажрыйбасында дээрлик актоо өкүм болбогонун өзү Жогорку Кеңештин комитетинде өткөн жыйынында тастыктады.
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду соттогон Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин Жогорку Соттун судьялыгына жактырды. Добуш берүү жабык электрондук добуш берүү менен өттү.
Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигине парламенттин 85 депутат «макул» деп жооп берсе, 15 депутат «каршы» добуш берген.

Количество просмотров: 27