• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков эмне үчүн мамлекеттик кызматка өттү?

2 Тогуздун айы 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.10.2018. Govori.TV
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Биринчи Май районунун акиминин турак жай коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин да бир катар кызматтар сунушталып, бирок, макул болбой келген Мавлянов бул кызматка аттангандыгынын себебин  «Говори ТВ» маалымат агенттигине айтып берди.
“Бүгүн жаңы бийлик, жаңы кадам таштап, тарыхта биринчи жолу, кол тийбес саясатчылар, премьер-министрлер түрмөдө отурат. Мына ошолордун баарын көрүп бизде өзгөрүүлөр болот деген үмүт менен сунушту кабыл алып, аракет кылып көрүүнү чечтим”,-деп түшүндүрдү жарандык активист.

 

Количество просмотров: 31