• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жетинчи жолу: Лукашенко президенттикке талапкер катары катталды

23 Бештин айы 202416:20 Бишкек Govori.TV

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчысы Александр Лукашенкону президенттикке талапкер катары каттады. Аны колдоо үчүн демилгелүү топ 2 миллион 518 миң 145 кол топтоду.

Президенттик шайлоо 2025-жылдын январында болот.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы дагы төрт талапкерди каттады: Беларустун Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Олег Гайдукевич, Республикалык Эмгек жана адилеттик партиясынын лидери Александр Хижняк, Беларусь Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Сергей Сыранков, мурдагы шайлоолордо экс-талапкер, ишкер, партияда жок Анна Канопатская.

Александр Лукашенко биринчи жолу 1994-жылы президенттик кызматка киришип, андан кийин бир нече жолу кайра шайланган. Эми анын алтынчы президенттик мөөнөтү аяктап баратат. 2020-жылы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөдө бир нече ай бою Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган массалык нааразылык акциялары өткөн.

Количество просмотров: 126