Президент Садыр Жапаровдун 2-4-декабрда Корея Республикасына болгон расмий сапары аяктады.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-корей кызматташтыгын арттырууга багытталган эки тараптуу 22 документке кол коюлду.
Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Корея парламентинин спикери У Вон Шик менен жолугушту.
Корея Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында президент Ассамблеянын президенти жана Жашыл өсүү глобалдык институтунун (GGGI) Кеңешинин төрагасы, БУУнун мурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушту.
4-декабрда Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кореянын Инвестициялык диалогуна катышты.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну модернизациялоого, жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири айтып берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган видеоролик көрсөтүлүп, презентация жасалды. Андан соң бизнесмендер кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнө суроолорун узатышты, андан кийин эки тараптуу документтерди алмашуу аземи болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров кореялык бизнес өкүлдөрүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн эл аралык кызматташтыкка ачыктыгын жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.
Расмий сапарын аяктап, 4-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.