• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Атамбаев да Жээнбеков да Бакиевдин кадрлары

19 Жетинин айы 2018 17:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.11.2018. Govori.TV
Экс президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маалыматында учурдагы бийликти “Бакиевдин жолуна түштү” деп сындады.
Бирок, мурдагы президент Атамбаев өзү жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков экөө тен Курманбек Бакиевдин кадрлары экендигин эсинен чыгарып койгондой.
Анткен менен, эки президент тууралуу Адахан Мадумаров буга чейин эле өз оюн айтып келген.
«Буга чейинки достугун, 3 ай ичинде үзүп койсо булар башынан эле дос эмес. 23 жыл экөө тирешин билгизбей келсе, анда булар мыкты артисттер»,-дейт Мадумаров.
Мындан дагы кызыгы, Атамбаев бир катар саясый куугунтуктоолорду жана камоолорду ишке ашырган Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Илим Карыпбеков, Сапар Исаков,  өңдүү өзүнүн тушундагы адистер дагы Бакиевдик кадрлар экендигине токтолгон жок.
Экс президент Атамбаев өзү башкарган кездеги бийлик бутагында отурган жетекчилер, Бакиевдин кадрлары экенин эсинен чыгарып коюп, бүгүнкү бийликти сындап калганына Каныбек Осмоналиев төмөндөгүдөй баа берди.
«Алмазбек Атамбаевдин айтканы туура эмес юолуп калды. Жээнбековго лакоматив болуп, бийликке алып келген кишинин, бүгүнкү күндө мынтип айтканы туура эмес. Пикир келишпестиктерин элге жарыя кылбай, өздөрү чечишип алса болмок»,-дейт Осмоналиев.
Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнө айтылган сындарда негиз бар болсо туура кабыл алып, оңдөөго аракет кылаарын билдирген. А бирок сындаган кишиге “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” болбосо эле болду деп жооп айткан .

Количество просмотров: 26