• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Саймаитинин өлүмү эки өлкөнүн ортосундагы саясий соодалашууга алып келеби?

14 Жетинин айы 2019 15:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Түркиядагы ишкердин өлтүрүлгөнү боюнча өз пикирин айтып, Саймаитинин өлтүрүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы саясий соодалашууга негиз бере турган маселелер бар деп шектенип турам деген пикирин билдирди.

Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалгандар кыргыз жараны деп айтылганы, ишкердин минип жүргөн унаасы тышкы иштер министрлигине тиешелүү болгону бул чакан жаңжал эмес, чоң жаңжал десек болот. Бул иштин Кыргызстанга да тиешеси бар. Саймаитинин издөөдө жүргөнү сыяктуу маалыматтарды биздикилер Түркиядан кийин чыгарып жатышат. Бул маалыматтардын акырындан чыгып жатканы Түрк кызматтарынын бизге болгон бир ультиматум бар экенинен кабар берет, — деди Момбеков.

Количество просмотров: 344