• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмү ачылганын айтып, бирок маалыматты жарыялоону кийинкиге калтырды

10 Тогуздун айы 202514:10 Бишкек Govori.TV

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мындан 11 жыл мурда киши колдуу болгон 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши ачылганын билдирди. Ал 9-октябрда Фейсбуктагы баракчасына кечинде бул тууралуу түз эфирде айтып берүүну убада кылган.

Бирок көп өтпөй эле мурдагы башкы прокурор маалымат берүүнү кийинкиге калтырып, «ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу маалымат берүүнү жылдырганга туура келди. Бир-эки жумадан кийин толук маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болот деп ишенем!»,-деп билдирди.

Ички иштер министрлиги Дүйшөбаеванын өлүмү, анын киши колдуу болгон Айсулуу Мукашеванын иши менен байланышы тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө үчүн ыкчам-оперативдик топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында Аида Салянованын бир тууган агасы Калыйбек Салянов жана башка коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

Количество просмотров: 284