• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кара-Суудагы окуучунун өлүмү: Шектүү кармалды

14 Бирдин айы 202513:11 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда сабалып каза болгон 9-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, 12-февралда Каратай айылындагы №39 мектептин жанынан окуучу кулап каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, маркумду сабаган ошол эле мектептин окуучусу 2007-жылы туулган Р.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 670