“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында жетинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан алдыңкы жаш лидер айымдар келген.
31 жаштагы Кундуз Сакишова Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунан келген. Учурда 2 баланын апасы.
«Мектепте экология сабагынан мугалиммин. Ага утурлай «Жети-Өгүз айымы» коомдук фонд аркылуу элеттеги аялдарды психологиялык жактан окутабыз. Аялдардын коомдогу ордун билип, зордук-зомбулуктун азаяшына салым кошкум келет»,-деди ал.