• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев иш сапары менен Түркияга барды

17 Жалган куран 202213:15 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-2023-жылдарга эки жылдык кызматташтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-мартынан 19-мартына чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Түркияда иш сапары менен болот.

«Бул жолугушуунун алкагында министр Алымкадыр Бейшеналиев ДССУнун Европалык аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушуп, анда тараптар 2022-2023-жылдарга Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ДССУнун Европа аймактык бюросунун ортосундагы эки жылдык кызматташуу келишимине кол коюшту»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 249