• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саламаттык сактоо министри Женевада сергек адаттарды жайылтууну көздөгөн жөө жүрүшкө катышты

22 Бугу 2022 23:13 Бишкек Govori.TV

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Женевада (Швейцария) Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 75-сеесиясына катышуунун алкагында сергек адаттарды жайылтууну көздөгөн жөө жүрүшкө катышты.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүш Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус жана аймактык директору Ханс Клюге жана башкалар катышты.

Жөө жүрүш «Бардыгы ден соолук үчүн» жана «Спорт ден соолук үчүн» принциптерин жайылтуу максатында уюштурулууда. Чуркоо, басуу жана велосипед тебүү ден соолукту сактоого чоң салым кошот: жүрөк оорулары, кант диабети жана рактын кээ бир түрлөрүн азайтат, ошондой эле дене салмагын көзөмөлдөөгө жана психикалык бакубаттуулукту жакшыртууга жардам берет.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-майда Женевада ДССАнын 75-сессиясы өтүүдө, ага ДССУга кирген бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.

Количество просмотров: 898