Бүгүн, 30-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган медиктер кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан улам жаракат алган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, министр менен бирге 2 хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог жана травматолог учуп кеткен. Алар Исфана шаарына бара жатышат.
Аталган медиктердин тобу Улуттук госпиталь жана Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистеринен түзүлдү.