• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Салянова митингден кийин ага катышкан эки жаран сабалып, милиция кармап кеткенин билдирди

24 Үчтүн айы 2022 11:56 Бишкек Govori.TV

Журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митингинен кийин ага катышкан эки жаран ур-токмокко кабылган. Бул тууралуу мурунку Баш прокурор Аида Салянова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу Ички иштер министри Ниязбеков мырза! Болот Темиров менен Болот Назаровду бүгүн сотто Нургазы Шайлообеков менен Айбек Назаркулов активдүү колдоп турган. Митинг бүткөндөн кийин Ленин районунун аймагынан аларды уруп-сабап милиция кызматкерлери Фучикдеги бөлүмүнө алып кетишиптир. Муну кандай түшүнсөк болот?! Кечирим сурап тез арада кое бересинер деген үмүттөмүн!» — деп жазган.

Эске салсак, кечээ 23-январда журналист Болот Темиров менен акын Болот Назаровду колдоо митингдери болгон. Ички иштер министрлигинин алдында башталган тынч митинги Бишкек ШИИББдин жана Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында да болгон. Ага белгилүү журналисттер, укук коргоочулар, блогерлер, жарандык активисттер, төкмө акында жана айыпталуучулардын тарапташтары катышкан.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдында тынч митингде журналисттерге билдирген.

Журналистке байланыштуу кылмыш иш Жазык кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баги каражаттарын сатууну көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо), 287-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен козголгон.

Ал эми ШИИБдин маалыматы боюнча, Назаровду кармоо учурунда андан 14,71 грамм салмактагы, атайын жыты бар зат табылган. Экспертизанын корутундусунда ал зат 8,69 грамм салмактагы гашиш экени айтылып, Назаров 23-январда ШИИБге убактылуу камакка алынган.

Натыйжада эки айыпталуучу тең бошотулуп, камактан чыгарылган.

Количество просмотров: 1821