• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Салыбек Чөлүев: Атамбаев Тюлеевге карыз экен

12 Бештин айы 201812:58 Бишкек Govori.TV

Нарындан келген аксакал Салыбек Чөлүев Нариман Тюлеев учакта Алмазбек Атамбаев менен бирге учканда андан атасынан алган карызды доолаганын, ал берем дегенин айтты.

Аксакалдын айтымында өлүк карызы эң жаман. Кыргыздар байыртан салт-санаага бекем болуп, өлгөн адамды аркы дүйнөгө аласа же бересе кылып жиберген эмес.

“ — Өлүк карызын бериш керек. Жаназасын окуурда бир баласы чыгып айтат, “Аласасы болсо атамдын менден алгыла, бересеси болсо мага бергиле!”,- деп. Ошондо Бексултан улуу баласы айткан. Эми ошондон бери бербей жүрсө.. Бул өлүк карызы жаман болот. Кыргыз эли салтка, динге бекем эл болот.

Илгертеден бери ата-бабанын салты бар, эгерде өлүк карызын бербей койсо аксакалдар чогулуп жан бергенге чейин барган. Бул жан берген деген эмне? Ошол атасынын мүрзөсүнүн жанына алып барып, карызын бербеген кишини кадимкидей майрам сууга алып, ак кепиндеп жаназасын окуйт. Анын балдары кеңешип жанын алдык,бүттү, “доо бүттү!”- дейт. Мына ошондон кийин гана өлгөн кишинин карызынан кутулган болуп эсептелинет. Өлүк карызы деген өзү кыргыздын салтында өтө жаман нерсе.

Эгер ошол өлүктүн карызынан кутулбаса ал адам жакшылык көрбөйт. Ал адамга эч ким ишенбейт! Ал адам эл башкаруудан калат, ал адамдын сөзү сөз болбойт. Эми Алмаз Шаршеновичтин ошол Тюлеев Ташболоттун карызын бербей койгондон кийин ким кандай ойдо калды?»,-деди  Салыбек Чөлүев.

Количество просмотров: 45