• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Салык декларациясын талаптагыдай тапшырбаган мамкызматкерлер жоопко тартылды

16 Бештин айы 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган кызматкерлердин Бирдиктүү салык декларациясын ишенимдүү берүүсү текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык персоналды сертификациялоо бөлүмүнүн улук инспектору Т. А. А. 2021-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүдө 3 кыймылдуу мүлктү (автотранспорт каражаттарын), 1 кыймылсыз мүлктү (сугат айдоо жерлеринин жер участогун) көрсөтпөгөндүгү аныкталган.

Натыйжада, инспектор Т.А.А. карата КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренеси боюнча (мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан мүлк жана кирешелер жөнүндө декларациялардын берилбегендиги же талаптагыдай берилбегендиги) Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине материал катталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун кароосунун жыйынтыгы боюнча ал күнөөлүү деп табылган жана 5 миң сом айып түрүндөгү жаза колдонулган.

Бирдиктүү салык декларациясын берүүдө ушундай эле мыйзам бузуулар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жерде жүрүүчү транспорт департаментинин, «Түндүк» темир жол бажысынын, «Манас» бажысынын, «Баткен» бажысынын жана Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталган.

Транспорт прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларында көрсөтүлбөгөн 88 мүлк (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) табылган. Бул бузуулар боюнча «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына 70 материал катталып, кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлгөн.

Укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 329 миң сомго айып пул салынды.

Количество просмотров: 141