• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салык декларациясын тапшыруу башталды

18 Үчтүн айы 202112:37 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

«1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке тараптар өткөн жылы тапкан кирешелери, жер тилкелери, мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпегендер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019-2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Салык кызматы декларация боюнча толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун кабарлады.

Количество просмотров: 106