• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Салык карызы бар 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусу чектелди

22 Чын куран 2022 13:16 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-апрелине карата салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгууга чектеген. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, Сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдерине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.

Алсак, салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин ортосунда аткаруу документтери менен иш алып баруудагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Бул Макулдашууга ылайык салык органдарынын салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт.

Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык суммада таанылган салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Салык кызматы салык карызы бар салык төлөөчүлөрдү чектөө чараларын колдонуудан алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын белгиленген мөөнөттө салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча ченемдерин сактоого чакырат.

Количество просмотров: 281