Бүгүн 25-ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде Салык кызматы даярдап жаткан жаңы өзгөртүүлөр белгилүү болду.
Буга чейин Салык кодекси боюнча аянты 80 чарчы метрден ашкан квартиралардын жана аянты 150 чарчы метрден ашкан менчик үйлөрдүн ээлери кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөп келишкен. Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов азыркы тапта салыкчылар ушул кыймылсыз мүлк салыгы боюнча көтөрүп жаткан жаңы демилге эмнеге байланыштуу экендигин сурады.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов буга мындай жооп берди. Алар бул багытта анализ жүргүзүшүптүр, көрсө, Кыргызстандагы үйлөрдүн орточо аянты 122 чарчы метрди түзөт экен. Эми ошол үйлөрдүн бардыгын камтуу үчүн ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү даярдалып жатыптыр.
Жөнөкөй айтканда, мурдагыдай 150 чарчы метрлик үйлөр эмес, эми 120 чарчы метрлик үйлөрдүн ээлери да кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөөгө камдана бергиле деген кеп.